ЖРТ боюнча эң жогорку баллдын ээси
ЖРТдан 219 балл алып мектебибиздин сыймыгы болду.
Биз силер менен сыймыктанабыз!
2022-2023- окуу жылында Кочкор районундагы Кенешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинин 10-б классынын окуучусу Муратов Аслан предметтик олимпиаданын облустук турунда тарых сабагынан 2-орунду жеңип келди. Даярдаган мугалими Өмүров Элдияр. Ал эми физика предмети боюнча 10-б классынын окуучусу Дүйшөнбекова Перизат 4- орунга, мугалими Мамырканова Раушан,   11-б классынын окуучусу Нурдинова Медина, мугалими Атышов Жологон агай, 5-орунга ээ болуп келишти.
Спорт-ден соолуктун булагы
К.Мырзабеков мектебинде ар кандай спорттук иш чаралар байма бай өтүп турат.
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Биз чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Урматтуу муглимдер, майрамыңыздар менен! Окуучуларыны куттуктоосу!

Новости

Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 12-июнь 2025-жылы мектепте өтүлүп жаткан жайкы лагердин иш планынын негизинде лагердин катышуучуларына музейге экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын негизги максаты: Президентибиз Ж.С.Нургожоевичтин "УҢГУЖОЛ" жарлыгын ишке ашыруу. Жаш өспүрүмдөрдүн тарыхка, мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо. Экскурсия Кум-дөбө айылындагы Конурбаев Кайырбек аксакал уюштуруп ачкан тарыхый археологиялык…
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде бирдиктүү санарип платформасына өтүү максатында ата-энелерге жана окуучуларга маалымат берилип, окуучулардын жеке маалыматын электрондук күндөлүк системасына каттоо иши жүрүүдө. Электрондук күндөлүк системасынын жардамы менен мугалимдердин түйшүгү кыйла жеңилдемекчи. Санариптештирүү-өнүгүүнүн ачкычы!
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде бекитилген иш пландын негизинде 2-июндандан 12 июнга чейин 3-4 жана 6-7 класстын окуучуларына жайкы лагер уюштурулуп өтүлүүдө. Окуучуларыбызга көңүлдүү эс алуу каалайбыз!

Мы в цифрах

50
ЖЫЛ
3000
ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ
750
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР (ЖЫЛЫНА)
3500
КИТЕПТЕРДИН САНЫ