Республикалык олимпиада

2024 — жылы 26-27-мартта Бишкек шаарында Республикалык олимпиаданын IV этабы өттү. Олимпиадага жалпы жети облусттан жана Ош, Бишкек шаарынан 309 окуучу катышып, өз билимдерин сынашты. Бул сынакта биздин окуучулар Муратов Аслан жана Дүйшөнбекова Перизат ийгиликтүү катышып, өз билимин жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Жыйынтыгында тарых сабагынан Муратов Аслан 4-орунга, Физика сабагынан Дүйшөнбекова Перизат 7-орунга ээ болуп, Нарын облусунун, мектебибиздин намысын коргоп келишти. Аслан менен Перизатка терең ыраазычылык билдирүү менен алдыдагы ЖРТда ийгиликке жетүүсүнө тилектешпиз!