Ата-энелер үчүн маалымат

 

Кыргыз Республикасынын 
Билим берүү министрлигинин 
2008-жылдын 11-август №495/1 
буйругу менен бекитилген 

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун 
ата-энелер комитети жөнүндө типтүү 
Ж О Б О
I. Жалпы жоболор 

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, жалпы билим берүү уюмунун ата-энелер комитетинин иш аракетин жөнгө салат, анткени ал тең башкаруу органы болуп эсептелет.

1.2. Ата-энелер комитети жөнүндө жобо жалпы мектептин ата-энелер чогулушунда кабыл алынып, бекитилет да, мектептин жалпы билим берүү боюнча директорунун буйругу менен ишке киргизилет.

1.3. Ата-энелер комитети (текст боюнча мындан ары «комитет» деп берилет) үч жылдык мөөнөткө ата-энелердин конференциясында шайланып, аны төрага башкарат. Ал комитет мектептин ата-энелер комитетине баш ийүү менен ата-энелер комитетинин конференциясында тактама (отчет) берип турат. Комитеттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү — 3 жыл (же комитеттин жылына үчтөн бири алмаштырылып турат).

1.4. Анын иш аракеттерин ыңгайлаштыруу (координациялоо) үчүн комитеттин курамына мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кириши мүмкүн.

1.5. Комитеттин иш аракеттери Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндөгү» Кодексине, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Жалпы билим берүүчү уюм жөнүндөгү» типтүү жобого, «Жалпы билим берүүчү уюмдун Уставы» жана ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.

1.6. Комитеттин чечимдери жалпы билим берүүчү мектептин жетекчилиги үчүн сунуш катарында кабыл алынат.

  1. Негизги милдеттери
    Ата-энелер комитетинин милдеттери:

2.1. Жалпы билим берүүчү мектептин жетекчисине:

— мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында балдар менен мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн милдеттүү түрдө жана акысыз жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим алуусуна;

— мамлекеттик билим берүү уюмдарындагыдай эле мамлекеттик эмес жалпы билим берүү уюмдарында да Кыргыз Республикасынын ченемдик — укук актыларына ылайык, окуучулардын окуу жүктөмү (нагрузкасы), сабактардын тартиби, үйдөн окуусуна жана дарылоо мекемелеринде окутууга;

— жалпы мектептик иш-чараларды уюштурууга жана аларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт

2.2. Жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларынын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен алардын укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү, үй-бүлөдө

баланы тарбиялоо, ошондой эле жалпы билим берүүчү уюмдарды башкаруу процессине тартуу боюнча иштерди жүргүзүү болуп эсептелет.

 

III. Жалпы мектептик ата-энелер комитетинин функциялары 

3.1. Окуу-тарбиялык процессти уюштуруу үчүн (окуу китептерин, көрсөтмө усулдук куралдарды сатып алууга, аларды даярдоого, окутуу жабдуулары менен камсыз кылууга ж.б.) оптималдуу шарттарды камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.

3.2. Класстык ата-энелер комитеттердин иш аракеттерин координациялайт.

3.3. Окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) арасында окуучулардын ата-энелеринин жана окуучулардын укуктары менен милдеттери жөнүндө түшүндүрүү жана консультативдик иштерди өткөрөт.

3.4. Жалпы мектептик иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле ата-энелер комитетинин билгилигине (компетенциясына) таандык жалпы мектептик ж.б. иштерди өткөрүү маселелери боюнча тең башкаруунун башка да органдары менен бирге өз ара иш алпарат.

3.5. Жалпы билим берүү уюмун жаңы окуу жылына карата даярдоо иштерине катышат.

3.6. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчилиги менен бирдикте балдардын билим алууга болгон аракетин уюштурууну, окуучулардын тамактануусунун жана медициналык жактан тейленүүсүнүн сапатын уюштурууну көзөмөлдөйт.

3.7. Ата-энелердин жалпы мектептик чогулуш-жыйналыштарын өткөрүүдө жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигине жардамдашат.

3.8. Өз дарегине, ошондой эле ушул Жобо тарабынан комитеттин билгилигине таандык Жобо тарабынан белгиленген маселелер боюнча түшкөн кайрылууларды жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин тапшыруусу боюнча карап чыгат.

3.9. Комитеттин билгилигине кирген маселелер боюнча жалпы билим берүү уюмунун чектелүү актыларын талкуулайт.

3.10. Билим берүү процессин жүзөгө ашыруунун жана санитардык-гигиеналык эрежелери менен нормаларын аткаруунун коопсуздук шарттарын уюштурууга катышат.

3.11. Мектеп шарттары менен мектеп турмушунун ыңгайларын пропагандалоо маселеси боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенет.

3.12. Жашы жетелек окуучулардын арасында укук бузууларды, көзөмөлсүз жана кароосуз калгандардын алдын алуу маселеси боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык жамааттары менен бирге өз ара иш алпарат.

Ата-энелер комитеттеринин укуктары

Ушул Жобо тарабынан белгиленген билгиликтерге ылайык ата-энелер комитети:
4.1. Жалпы билим берүүчү уюмдун жетекчисине жана башка да жалпы билим берүүнүн өзүн-өзү башкаруу органдары менен анын жетекчисине тийиштүү сунуштарды киргизип, аларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө алардан талап кылууга;

4.2. Балдардын укугун коргоо маселелери боюнча билим берүү органдарына, билим берүү уюмдарына жана башкаларга түшүнүк алуу боюнча кайрылууга;

4.3. Окуучулардын билим алуусун жеңилдетүү жана анын сапатын жакшыртууну камсыз кылуу маселелери боюнча жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинен маалымат алып, анын ишин угууга, мектептин материалдык-техникалык жактан камсыз болуп, аны бекемдөө боюнча мектептин жетекчисин угуп, андан маалымат алууга;

4.4. Класстык ата-энелер комитеттеринин көрсөтүүлөрү (чечимдери) боюнча окуп жаткан окуучулардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) өзүнүн отурумдарына чакырууга;

4.5. Жалпы билим берүү уюмунун чектелүү актыларын талкуулоо иштерине катышууга;

4.6. Үй-бүлөсүндө балдарын тарбиялоодон баш тарткан ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) коомдук жаза берүүгө;

4.7. Комитетте жигердүү иштеп, жалпы мектептик иш-чараларды өткөрүүдө көмөк көрсөткөн окуучулардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрдү) сыйлоого;

4.8. Өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн комитеттин мүчөлөрүнүн жетекчилиги астында туруктуу же убактылуу комиссияларды уюштурууга;

4.9. Ата-энелердин класстык комитеттери, комитеттин туруктуу же убактылуу комиссиялары жөнүндө чектелүү актыларды иштеп чыгууну уюштуруу;

4.10. Комитеттин билгилигине тийиштүү маселелер боюнча педагогикалык кеңештин же башка өзүн-өзү башкаруу органдардын айрым отурумдарына комитеттин төрагасы катышууга;

4.11. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчилиги менен окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) ортосунда балдарды үй-бүлөлүк жана коомдук тарбиялоо, окуучулардын кызыкчылыгын коргоо сыяктуу бирин-бири өз ара түшүнүү маселесин жөнгө салууга;

4.12. Күчүндө турган ченемдик-укук актыларына ылайык чечимдерди кабыл алууга;

4.13. Ата-энелер комитетинин ишине катышпаган жана жоопкерчилиги төмөн же шалаакылыкка жол берген комитеттин айрым мүчөлөрүн кайра чакыртып алып конференцияга сунуш кылууга укуктуу болуп эсе

  1. Ишти уюштуруу 

5.1. Комитеттин курамына окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) өкүлдөрү бар бир класстан бирден киши кирет (ал эми жалпы билим берүүчү уюмдун класстарынын санына жараша параллель класстардын ар биринен бирден өкүл кирип, ар бир класстан 2ден өкүл болушу мүмкүн).
Комитеттин өкүлдөрү окуу жылынын башталышында (15-сентябрга чейин) жыл сайын ата-энелердин класстык чогулушунда шайланышат.

5.2. Комитеттин сандык курамы ата-энелердин конференциясында аныкталат.

5.3. Комитет өзүнүн курамынан төраганы шайлайт (алардын сандык курамына жараша төраганын орун басарлары жана катчы шайланат).

5.4. Комитет мектептин директору менен макулдашылган план жана тартип боюнча иштейт.

5.5. Өзүнүн иши жөнүндө комитет бир жылда 2ден кем эмес ата-энелердин жалпы чогулушунда тактама (отчет) берет. Чогулушта чечим жөнөкөй, көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.

5.6. Комитет өзүнүн чечимин отурумда анын мүчөлөрүнүн жарымы катышканда гана кабыл алат.

5.7. Өзүнүн билгилигине иштиктүү маселелер боюнча комитеттин катталуусу менен билим берүү уюмунун атынан жүргүзүлүп, ал документтерге билим берүү уюмунун жетекчиси менен комитеттин төрагасы кол коюшат.

                                  

  1. Иш кагаздарын жүргүзүү 

6.1. Комитет өзүнүн өткөргөн конференцияларынын, отурумдары менен жалпы мектептик ата-энелер чогулуштарынын протоколдорун, токтомдорун жүргүзөт.

6.2. Ата-энелер комитетинин иш планы, тактама-отчеттору менен протоколдору жалпы билим берүү мекемесинин кеңсесинде сакталат.

6.3. Комитеттеги иш кагаздарын алпаруу жоопкерчилиги комитеттин төрагасына же катчыга жүктөлөт.

 

 

МЕКТЕПТЕ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНЕ АТА-ЭНЕЛЕРДИ
ЖАНА КООМЧУЛУКТУ ТАРТУУНУН
МААНИЛYYЛYГY

Ата-энелерди жана коомчулукту окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө
тартуу – бул окутуу процессин, балдардын өнүгүүсүн колдоо жана жакшыртуу үстүндө
ата-энелердин, коомчулуктун жана мектептердин бирге иш алып баруусу болуп
саналат.
Окуучулардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн мектептердин, ата-энелердин жана
коомчулуктун башка өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташуусу милдеттүү түрдө болушу керек.
Баланын алгачкы билим алуу жана социалдык чөйрөсү болгон үй-бүлөнүн маанисин эске
алуу менен, мектептер үй-бүлөлөр жана коомчулук менен мамиле түзүп, үзгүлтүксүз эки
тараптуу баарлашууга шарт түзүүлөрү зарыл

Ата-энелердин активдүү катышуусу балдарга гана эмес, мектеп коомчулугуна, мугалимдерге, жалпы ата-энелерге да оң таасирин тийгизет.
Балдар
• окутуунун натыйжасында мыкты академиялык
көрсөткүчтөргө жетишет;
• сабактарга үзгүлтүксүз катышууга аракеттенет;
• үй тапшырмаларын ар дайым жана сапаттуу аткарат;
• мектепке болгон оң көз карашы бекемдейт;
• өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишеними жогорулайт;
• тырышчаактыгын көрсөтөт, мектепке шыктанат.

Ата-энелер
• өз балдарын, алардын социалдык, эмоционалдык жана интеллектуалдык муктаждыктарын
жакшыраак түшүнүшөт, аларды канааттандырууүчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн ийгиликтүү колдоно алышат;
• балдарына өзүнүн ой-пикирлерин жана муктаждыктарын ачык жана эркин айтып-бөлүшүүгө
мүмкүнчүлүк берет;
• өз балдары менен мээримдүү мамиледе болууга
шарт түзүлөт;
• баланын өнүгүүсү жөнүндө кеңири маалымат
алышат, натыйжада колдонулуп жаткан тарбиялоо ыкмаларына карата ишенимдери артат;
• балдардын окуудагы жетишкендиктери тууралуу көбүрөөк билип, мугалимдин ишин жана окуу
программасын жакшыраак түшүнүшөт.
• балдардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүү үчүн
кам көрүшөт;
• мектептин ишмердүүлүгү (окутуу, тарбиялоо)
тууралуу кабардар болуп, баланын билимин өркүндөтүү процессине жигердүү катыша баштайт

 

К.Мырзабеков атыдагы орто мектебинин 2020-2021-окуу жылына карата ата –энелер менен иштоо планы

Аткарылуучу иштермоонотуКим аткарат
1Ата-энелердин комитетинин курамын тузуу, иш планын бекитуусентябрьТарбия завучу
2Окуучуларды мектепке тартуу боюнча жардам корсотууЖыл ичиндеСоц.педагог
3Окууга катышуу жана жетишуусу начар окуучулардын ата-энелери менен иш алып барууЖыл ичиндеКласс жетекчилер
4Мектептин окуудан тышкаркы иштерин уюштурууга жардам корсотууЖыл ичиндеТарбия завучу
5Ата-энелердин класстык жыйналыштарыЧейрек сайынКл. жет.
6 Ата-энелердин «Ачык эшик» кунун откорууЖыл ичиндеТарбия завуч