Жыл мугалими
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсун өткөрүүгө даярдык көрүү максатында К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде 2024-жылдын 6-мартында мугалимдер арасында «Жылдын мыкты мугалими» конкурсу өткөрүлдү. Конкурста ар бир секциядан бирден мугалим катышып, жобо боюнча көрсөтүлгөн үч тапшырманы:1.Видеопрезентация (Катышуучунун визиттик карточкасы), 2.Ачык сабактын видео фрагментинин демонстрациясы, 3. Суроо — жооп менен коштолуп, катышуучулар жогорку деңгээлде өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүштү. Жыйынтыгында атайын дайындалган комиссиянын баалоосу менен төмөндөгү мугалимдер жеңүүчү болуп аныкталып, мектептин грамотасы менен сыйланышты.
Биринчи орунду Турдакунова Элиза биология мугалими.
Экинчи орунду Бейшебаева Кенже башталгыч класстын мугалими.
Үчүнчү орунду Сүйүндүк кызы Салтанат англис тили мугалими.
Жеңүүчү аталган мыкты мугалимдерибизге алдыдагы райондук сынакта ийгилик каалайбыз!
Комментарии