Жалпы ата -энелер чогулушу.
2024-жылы 24-октябрда К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде райондун мекеме жетекчилери менен мектеп администрациясы тарабынан 1-11-класстын ата-энелери катышкан чогулуш өткөрүлдү.
Чогулушка Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Б.Абдрахманова, Кочкор районунун прокурору М.Осмонов, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй -бүлөнү колдоо жана балдары коргоо бөлүмүнүн башчысы А.Узакова, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери М.Курманова, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Т.Исаев,райондук ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн дарыгери Н.Байзакова жана мектеп администрациясы катышты.
Күн тартибинде «Кылмыштуулукту анын ичинде үй -бүлөлүк зомбулуктун, жашы жете электердин арасындагы кылмыштардын, укук бузуулардын, жалпы жугуштуу оорулардын алдын алуу, эрте никеге туруунун, жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин коргоо» жана башка маселелер каралды.
Чогулуштун жүрүшүндө бир нече көйгөйлүү маселелер каралып, ата -энелердин суроолоруна жооп алынды. Жыйынтыгында кылмыштуулуктун алдын алуу жана өспүрүмдөргө татыктуу тарбия, билим берүү максатында биргелешкен чечимдер кабыл алынды.
Комментарии