«УҢГУЖОЛ: УЧУР ЖАНА КЕЛЕЧЕК «
«УҢГУЖОЛ: УЧУР ЖАНА КЕЛЕЧЕК»
2025-жылдын 13- февралында К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик»
Уңгужолу 2024-жыл 28- декабрында N 369 Жарлыгын жүзөгө ашырууга арналган чогулуш өтүлдү.Чогулушка жалпы мугалимдер жамааты катышышты.
Чогулуштун ачылышында Кыргыз Республикасынын гимни ырдалды.
Улутка дем берип,
Улуттук аң-сезимди ойготуп,
Улуттук сыймыкты жандандырган,
Мамлекеттик, коомдук саясий жарандык иниституттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу,мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу максатында:
Улутубуздун билгилеринин,мыктыларынын кеңеши,талкуусу,орток ойлорунун негизинде иштелип чыккан Президент колдоого алган»УЛУТТУК ДЕМ- ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК » Уңгужолунун
*максаттары, милдеттери;
*негизги багыттары;
*күтүлгөн жыйынтыктары боюнча кеңири маалымат берилип,талкуу болду жана мугалимдер өз ой пикирлерин айтуу менен жаш муундарга билим , таалим тарбия берүүдө улуттук наркты, баалуулуктарды сактоо,жайылтуу,маданий мурастарды, экологиялык баалуулуктарды , эне тилибизди сактоо менен турмуштун бардык тармактарында колдонулушу үчүн кам көрүү ар бирибиздин милдетибиз экендиги айтылды . Негизинен учурдун талабына ылайык Уңгужолун терең изилдеп окуп,ишке ашырууну колдоого алуу менен билим берүүдө жаш муундарга жеткирүү айтылды.
Комментарии