PISA — 2025
29-апрель 2024-жылы Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде PISA билимдин көлөмү эмес, анын чыныгы жашоодо колдонулушун аныктоо деген темада райондук деңгээлде семинар өттү.
Семинардамын максаты: Окуучулардын функционалдык сабаттулугун, креативдик ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана предмет аралык байланышты чыңдоо менен практикалык семинарлар аркылуу иш тажрыйба жайылтуу.
Семинар беш темада пландалып интеграцияланган сабактар өтүлдү.
1. Тема: Окуп түшүнүү стратегиясы (окуп түшүнүүнүн бир ыкмасы) Кыргыз тили жана адабияты мугалими Жумалиева Элизат катышуучу мугалимдерге сабак өттү.
2. Тема: Математика биздин жашоодо PISАга багытталган тест иштетүү. 7 класстарга информатика жана математика мугалими Сартова Гүлназ, Ногойбаева Гүлбүбү.
3. Тема: Айыл чарбасынан алынган продукцияларды кайра иштетүүчү өнөр жайлар. 9 класстарга география жана биология мугалими Тургуналиева Назгүл, Турдакунова Элиза.
4.Тема: Адабий чыгармалардын табият сырлары. 10 класстарга физика жана химия мугалими Мамырканова Раушан, Сулайманова Айнура.
5. Тема: Жомоктон кийин (Ак кеме чыгармасы) 9 класстарга Кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамытбаева Бурул эжейлер кызыктуу сабак өтүп беришти.
Андан тышкары семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин жарлыгына ылайык «2023-2027-жылдар улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып маалымат алышты.
Жыйынтыгында семинардын катышуучулары иш чарага жакшы баа беришип облустук деңгээлде жайылтуу керек экендигин баса белгилешти.
Комментарии