Педагогикалык кеңешме
2025-жылы 27-майда Кеңештин Мырзабеков атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү 9-11 класстарга педагогикалык кеңешме өткөрүлдү.
Педагогикалык кеңешмеге бүтүрүүчү класстардын ата-энелери, сабак берген мугалимдер жана окуучулар катышты.
Күн тартибинде:
1. Окуучуларды мамлекеттик аттестацияга кабыл алууга улук саат берүү.
2. Мамлекеттик аттестацияны өткөрүү тартиби.
3. Мамлекеттик аттестация учурунда окуучулардын коопсуздугу жана ата -энелердин жоопкерчилиги тууралуу маселелер каралды.
Педагогикалык кеңешмени мектеп директору Майрамбүбү Ашыралиевна ачып бүтүрүүчү класстарды алдыдагы мамлекеттик аттестацияга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана келечекте кесипти туура тандоого чакырды. Ошондой эле ата -энелерге балдарга олтуруш, оюн-зоок жана башка кечелерди уюштурууга тыюуу салынаарын баса белгилеп эскертти.
Чогулуштун жүрүшүндө сабак берген мугалимдер жана ата-энелер сөз сүйлөп бир катар маселелер каралды. Чогулуштун соңунда окуучулардын жаркын келечеги үчүн биргелешкен чечимдер кабыл алынды.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жаркын келечек каалайбыз!
Комментарии