Нооруз майрамы
20-март 2024-жылы Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Ата -бабаларыбыздан бери салттуу майрамдалып кележаткан Нооруз (жаңы жыл) күн менен түн теңелген жаздын улуу майрамын келечек муундарга жеткирүү жана улуттук баалуулуктарды, саада салтты жайылтуу максатында өткөрүлдү. Майрамдык салтанат бата тилеп курмандык чалуу менен башталды. Иш — чаранын жүрүшүндө окуучулар менен агай эжейлердин катышуусунда улуттук баалуулуктар чагылдырылып, баланы бешикке салуу, тушоо кесүү жөрөлгөлөрү аткарылды. Андан тышкары улуттук оюндар: аркан тартыш, жоолук таштамай, тогуз коргоол, упай оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттын жүрүшүндө таланттуу окуучулар комузда кол ойнотуп, манас айтып, ыр, бий менен майрамды шаңга бөлөштү. Майрамдын соңунда орозо кармагандарга ооз ачырылып, бата тилеп, куран окулуп иш чара жыйынтыкталды.
Өлкөбүздө тынчылык жана бейкуттук болсун!
Комментарии