Кара Кыргыз автономдуу облусуна 100 жыл
20-апрель 2024-жылы Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде Кара Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүн 100 жылдыгына карата Кочкор районунун мектеп окуучулары арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Интеллектуалдык таймаштын максаты: 1.Окуучулардын топтордо иштөө жана интеллектуалдык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.
2. Ата — Мекендин тарыхын даңазалоо, окуучулардын билимин жогорулатуу жана өз алдынча билим алууга шыктандыруу.
3.Жаштарды тарыхты, мекенди сүйүүгө тарбиялоо.
Таймаштын милдети: Мектептер аралык байланышты чыңдоо жана достукту бекемдөө.
Акыл ордо интеллектуалдык таймашка жалпы 26 команда катышып, өз билимдерин сынашты. Жыйынтыгында калыстардын чечимин менен жеңүүчү топтор аныкталып диплом, кубок менен сыйланышты. Ар бир катышуучу топко активдүү катышкандыгы үчүн жана өзгөчө мектеп формасы үчүн ыраазычылык кат тапшырды.
Жыйынтыгында мектеп директору Арыстанбекова Майрам Ашыралиевна сөз сүйлөп баардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип жаштарды мекенди, тарыхты сүйүүгө, билимдүү жаштардан болууга чакырды.
Иш чарага 2013 — 2014 — окуу жылынын бүтүрүүчүсү Дамиров Элкан демөөрчүлүк кылды.
Комментарии