Буллинг жана киббербуллинг
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 18-февраль 2025-окуу жылында “Буллинг жана Киббербуллинг ” деген темада 9-класстын окуучуларынын катышуусунда тренинг өтүлдү.
Тренинге Кочкор райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлү Абдыкеримова Назгүл катышты.
Тренингде окуучулардын саламаттыгын, алардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, манипуляцияларын жана мобилдик түзүмдөрдөн келип чыгуучу көйгөйлөрдүн алдын алуу, интернет чөйрөсүндө алгылыксыз маалымат менен санарип технологиялар аркылуу кордоолордун жана коркутуулардын бардык түрлөрү менен күрөшүү, бейпил жана коопсуз окуу прцесин камсыздоо жөнүндө маалымат берилди.
Буллинг бул социалдык көйгөй болуп саналат жана мектеп чөйрөсүндө өзгөчө жайылган, мында окуучулар бири бирине физикалык же эмоционалдык зыян келтириши мүмкүн экени баса белгиленди.
Тренингдин жүрүшүндө окуучулар топтор менен иштеп ролдук тапшырма аткарышты жана буллингдин алдын алуу боюнча тест тапшырышты.
Комментарии