Ар бир кесип ардактуу
24 — апрель 2024-жылы Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде башталгыч класстын мугалими Бейшеналиева Толкун эже 3-б класска «Ар бир кесип ардактуу» деген темада ачык сабак өттү.
Сабактын максаты:
1. Окуучуларды туура кесип тандоого багыт берүү.
2. Өспүрүмдөрдү келечекте кесип ээси болууга шыктандыруу.
3. Ар бир кесипти сыйлай билүүгө жана өз оюн ачык айтууга тарбиялоо.
Сабактын жүрүшүндө окуучулар активдүү катышып келечектеги сүйгөн кесиптери жөнүндө ой бөлүшүштү.
Комментарии