Ак жол сага бүтүрүүчү!
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 2025-жылы 26-майда бүтүрүүчү класстардын акыркы коңуроо аземи белгиледи.
Салтанаттуу аземге Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Асаналиева Астра Дүйшөнкуловна, Кум-дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык камсыздоо бөлүмүнүн адиси Рахманова Жамал жана 2004-2005 окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү катышып бүтүрүүчүлөргө каалоо айтып алдыдагы мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырууга тилектерин айтышты. Ошондой эле мектебибизге Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы интерактивдүү доска, Кум-дөбө айылынын тургуну Усупбекова Асыл апанын балдары эки окуучубузга 50миң сомдон стипендия жана 2005-жылкы бүтүрүүчүлөр акылдуу коңгуроо тартуулашты.
Иш чарага катышкан конокторго, демөөрчүлөргө жана ата -энелерге мектеп жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз жана 2024-2025 окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө алдыдагы ЖРТда, мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырууга тилектешпиз!
Комментарии