21-февраль Эне тилди даңазалоо күнү.
К.Мырзабеков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамытбаева Бурул эже 21 — февраль Эл аралык Эне тил күнүнө карата эне тилин даңазалоо максатында 9-а класстын окуучуларына таймаш сабак өттү. Бул сабакта окуучулар кыргыз тили бай, көрөңгөлүү, образдуу, ийкемдүү, улуу тил экенине күбө бөлушту. Кыргыз элинин улуттунун, улуулугун аныктаган көөнөрбөгөн тилибизди, баалардын мурасын көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга жеткирүү керек экенин түшүнүштү.
Комментарии