15-март аталар күнү
2025-жыл 13- март күнү Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 15-март аталар күнүнө карата 4-б классынын окуучулары жана аталарынын катышуусунда «Атам жана мен» аттуу спорттук иш-чара болуп өттү.
Мелдешке «Ынтымак» командасы жана «Достук» командалары катышып, спорттун беш түрү боюнча күч сынашты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар жана көрүүчүлөр кубанычтуу маанайда болушту.Бул спорттук иш-чарага катышуучулар жакшы маанай тартуулашып,аталарыбыз активдүү катышып беришти.Иш-чаранын негизги максаты аталардын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоого үндөө жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө болду. Жыйынтыгында:
■ 1-орун «Ынтымак » командасы
■ 2-орун «Достук » командасы ээ болду.
Жеңүүчүлөр мектеп грамотасы менен жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Колдоо көрсөткөн 4-б класстын класс жетекчиси Бейшеналиева Толкун эжеге жана ата-энелерине терең ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹
#К.Мырзабеков
#Кум-Дөбө
#Кочкор райондук билим берүү бөлүмү
Комментарии