Новости

Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 12-июнь 2025-жылы мектепте өтүлүп жаткан жайкы лагердин иш планынын негизинде лагердин катышуучуларына музейге экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын негизги максаты: Президентибиз Ж.С.Нургожоевичтин «УҢГУЖОЛ» жарлыгын ишке ашыруу. Жаш өспүрүмдөрдүн тарыхка, мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо. Экскурсия Кум-дөбө айылындагы Конурбаев Кайырбек аксакал уюштуруп ачкан тарыхый археологиялык музейде өтүлдү. Мектеп администрациясы Коңурбаев […]
13.06.2025 90
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде бирдиктүү санарип платформасына өтүү максатында ата-энелерге жана окуучуларга маалымат берилип, окуучулардын жеке маалыматын электрондук күндөлүк системасына каттоо иши жүрүүдө. Электрондук күндөлүк системасынын жардамы менен мугалимдердин түйшүгү кыйла жеңилдемекчи. Санариптештирүү-өнүгүүнүн ачкычы!
12.06.2025 151
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде бекитилген иш пландын негизинде 2-июндандан 12 июнга чейин 3-4 жана 6-7 класстын окуучуларына жайкы лагер уюштурулуп өтүлүүдө. Окуучуларыбызга көңүлдүү эс алуу каалайбыз!
03.06.2025 189
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 2-июнь 2025-жылы бүтүрүүчү класстарга жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды. ЖМА 2-июндан 16-июнга чейин жүргүзүлүп жалпы алгебра, эне тили, орус тили жана Кыргызстан тарыхынан тапшырылат. Экзаменаторлорго жана окуучуларга ийгилик каалайбыз!
02.06.2025 203
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 2025-жылдын 27-30-май күндөрү КРнын БИМдин 4-март номер 232/1 буйругун аткаруу максатында 5-6 класстын окуучуларына кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки жүзүндө класстан класска көчүрүү экзамени өтүп жатат. Окуучуларыбызга ийгилик каалайбыз!
29.05.2025 175
26-май 2025-жылы Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде эмгектенген мугалимдер үзүрлүү эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун ыраазычылык баракчасы менен төмөндөгү агай-эжейлер сыйланышты. Арыстанбекова Майрамбүбү Ашыралиевна мектеп директору. Сексеков Кудайберген Юсупович мектептин мурдакы директору, ардактуу эс алууда. Тургуналиева Назгүл Жолдошбековна география мугалими. Бейшеналиева Элмира Рыспаевна башталгыч класстын мугалими. Ыраазычылык катты Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз […]
27.05.2025 232
2025-жылы 27-майда Кеңештин Мырзабеков атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү 9-11 класстарга педагогикалык кеңешме өткөрүлдү. Педагогикалык кеңешмеге бүтүрүүчү класстардын ата-энелери, сабак берген мугалимдер жана окуучулар катышты. Күн тартибинде: 1. Окуучуларды мамлекеттик аттестацияга кабыл алууга улук саат берүү. 2. Мамлекеттик аттестацияны өткөрүү тартиби. 3. Мамлекеттик аттестация учурунда окуучулардын коопсуздугу жана ата -энелердин жоопкерчилиги тууралуу маселелер каралды. Педагогикалык кеңешмени […]
27.05.2025 256
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 2025-жылы 26-майда бүтүрүүчү класстардын акыркы коңуроо аземи белгиледи. Салтанаттуу аземге Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Асаналиева Астра Дүйшөнкуловна, Кум-дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык камсыздоо бөлүмүнүн адиси Рахманова Жамал жана 2004-2005 окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү катышып бүтүрүүчүлөргө каалоо айтып алдыдагы мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырууга тилектерин айтышты. […]
26.05.2025 428
Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 30-апрель 2025-жылы 9-май Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата окуучулардын жана мугалимдердин катышуусунда чакан маданий иш чара өткөрүлдү. Иш чарада Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү, тарыхты, ата -бабаларыбыздын эрдигин даңазалоо жана жаш муундарга жеткирүү максатында доклад окулуп патриоттук ырлар тартууланды. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө мугалимдер менен окуучулардын катышуусунда Жеңиштин 80 […]
03.05.2025 144
К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде 2025-жылдын 15-апрелинде 9-май Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата 9-класстын окуучуларына марафон спорттук оюуну өткөрүлдү. Марафондун негизги максаты: 1.Окуучулардын тарыхка,мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу жана дени сак сергек жашоого үндөө. 2. Өспүрүмдөр арасында тарыхты, улуттук баалуулуктарды жайылтуу. Аталган спорттук мелдеште окуучулар; Марафон 3000 метр, ылдамдыкка чуркоо 100 метр, эстафета, турникке тартынуу, кол күрөш, […]
26.04.2025 136
2025-жыл 13- март күнү Кеңешбек Мырзабеков атындагы орто мектебинде 15-март аталар күнүнө карата 4-б классынын окуучулары жана аталарынын катышуусунда «Атам жана мен» аттуу спорттук иш-чара болуп өттү. Мелдешке «Ынтымак» командасы жана «Достук» командалары катышып, спорттун беш түрү боюнча күч сынашты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар жана көрүүчүлөр кубанычтуу маанайда болушту.Бул спорттук иш-чарага катышуучулар жакшы маанай […]
13.03.2025 141
28-февраль 2025-жылы К.Мырзабеков атындагы орто мектебинин 8 -классынын окуучулары жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Курманова Мариямдын коштоосунда Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ачык эшиктер күнүнө катышып тартип сакчылардын ишмердүүлүгү менен таанышып мекенди коргоо сыймыктуу жана түйшүктүү кызмат экенине күбө болуп, тартипти сактоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин түшүнүштү.
10.03.2025 42
1 / 512345