25 -февраль 2025 — жылы К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде спортто ийгилик жараткан окуучуларды сыйлоо жыйыны өтүлдү.
Жыйынга 5-11 класстын окуучулары, класс жетекчилери катышып, Республикалык мектеп лигасынын райондук этабында волейбол боюнча кыздар командасы экинчи орунга ээ болгондугу үчүн, мектеп ичинде «Зордук зомбулукка жана мектеп рэкетчилигине» каршы өтүлгөн спорттук иш чараларда жеңүүчү аталган командаларга грамота, медаль, кубок тапшырылып ыраазычылык сөз айтылды.
Жыйындын соңунда мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Малик уулу Кубанычбек, Шаршенкул кызы Жылдыз сөз сүйлөп дене тарбия мугалимдеринин ишине ийгилик каалап, талбай эмгектенүүгө чакырышты.